ТҮРКПА Алматыда өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
Дата
Көрүү
173
2023-жылдын 27-октябрында Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков менен Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев Түрк академиясы, Маданият, тил жана тарых боюнча Ататүрк Жогорку Кеңеши жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети биргелешип Алматыда уюштурган “Орток түрк алфавитинин интеграциялык ролу: илимий жана социалдык аспектилери” аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Конференцияга түрк элдеринин башын бириктирген бир нече уюмдардын өкүлдөрү, лингвисттер, түркологдор жана тил илиминин адистери катышып, түрк тилдүү мамлекеттердин алфавиттерин шайкеш келтирүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Сакы Садыков түрк ариптерин интеграциялоо маселесинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, түрк тилдүү мамлекеттердин ариптерин шайкеш келтирүү тилчи окумуштуулардын, лингвисттердин, түркологдордун биргелешкен чоң илимий эмгекттерин талап кыларына токтолуп, бул багытта бардык түрк тилдүү элдердин ариптик, тилдик, өзгөчөлүктөрү эске алынышы керектигин айтты.
Илимий конференциянын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын өкүлдөрү, дипломаттар, тил институттарынын илимпоздору бул олуттуу маселе боюнча өз пикирлерин ортого салышты.
Жыйындын соңунда жыйынга катышкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 6 бөлүктөн турган резолюция кабыл алышты. Резолюцияда негизинен түрк тилдүү элдердин ортосундагы тилдик жана маданий баалуулуктарды, социалдык-экономикалык байланыштарды мындан ары да чыңдоо максатында алдыда жасалуучу иш чаралар, бирдиктүү арипти иштеп чыгуунун жол-жоболору жана зарылчылыктары камтылган.