ТҮРКПА Адам укуктары боюнча 5-Самарканд форумуна катышты
340
2026-жылдын 28–29-сентябрында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы доктор Кадир Яман Ташкент жана Самарканд шаарларында өткөн Адам укуктары боюнча 5-Самарканд форумуна катышты.
Форум «Адам укуктары боюнча эл аралык пакттардын 60 жылдыгы жана Өнүгүү укугу жөнүндө Декларациянын 40 жылдыгы: Адамдык кадыр-барк, теңчилик жана туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык өнөктөштүк» темасына арналып, ага онлайн жана офлайн форматта 200дөн ашуун эксперт катышты.
Иш-чарада Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева айым, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нуриддин Исмоилов мырза , Өзбекстан Республикасынын Адам укуктары боюнча улуттук борборунун директору Акмал Саидов мырза, БУУнун Өзбекстан Республикасындагы Резидент-координатору Сабине Махл айым жана башка расмий өкүлдөр сөз сүйлөштү.
Ачылыш аземине катышуулчуларга кайрылган Акмал Саидов мырза эки жылда бир өтүүчү форум адам укуктары боюнча уникалдуу диалог аянтчасына айланганын жана ал Адам укуктары боюнча эл аралык пакттардын 60 жылдыгына, Өнүгүү укугу жөнүндө Декларациянын 40 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча улуттук борбордун 30 жылдыгына карата уюштурулуп жаткандыгын белгиледи.
Өз кезегинде ТҮРКПА Комиссиясынын катчысы доктор Кадир Яман уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, үч маанилүү датанын маанисин, ошондой эле Самарканддын билим борбору катары тарыхый мурасын баса белгиледи. Ал ТҮРКПАнын алкагында парламенттердин жана парламенттик дипломатиянын инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдөгү жана азыркы глобалдык чакырыктарды чечүүдөгү ролун белгилеп, өнүгүүнүн борборунда адамдык кадыр-барк турушу керектигин баса белгиледи.
Форумдун катышуучулары адам укуктарын коргоонун универсалдуу тутумун өркүндөтүүнү жана азыркы глобалдык чакырыктардын шартында, анын ичинде жасалма интеллект жана санариптик технологиялар алып келген мүмкүнчүлүктөрдү жана укуктук-этикалык тобокелдиктерди эске алуу менен эл аралык кызматташтыкты талкуулашты.
2026-жылдын 29-сентябрында иш-чаралар Самарканд шаарында Жыйынтыктоочу пленардык сессия менен уланып, ал «Самарканд көз карашы 2040: Адамдык кадыр-барк, теңчилик жана туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык өнөктөштүк» деп аталган Жыйынтык документти кабыл алуу менен аяктады.