TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА “44 күндүк Жеңиш жолу” конференциясына катышты

ТҮРКПА “44 күндүк Жеңиш жолу” конференциясына катышты

Дата
Көрүү
127
2021-жылдын 5-ноябрында ТҮРКПА Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен АДА Университети биргелешип уюштурган Жеңиш күнүнө арналган “44 күндүк Жеңиш жолу” аттуу конференцияга жана көргөзмөгө катышты. Иш чарага мамлекеттик өкүлдөр, Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү катышышты. Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Джейхун Байрамов мырза, Азербайжан Республикасынын Президентинин жардамчысы, Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Хикмат Хаджиев мырза, "АДА" Университетинин ректору Хафиз Пашаев мырза, Патриоттук согуштун ветераны Васиф Дилаверзаде мырза, "Алтынбаш" Университетинин ректору жана Түркия Президентинин Тышкы саясий жана коопсуздук Комитетинин мүчөсү Проф. Доктор Чагры Эрхан мырза, “Улуттук коргоо журналынын” башкы редактору, аскердик эксперт Игорь Коротченко мырза конференциянын панелинде сөз сүйлөштү. Конференция шейиттердин жаркын элесине арналган видео-презентация жана “Оккупацияга чейинки, учурдагы жана бошотулгандан бир жылдан кийинки Карабах” аттуу фото көргөзмө менен аяктады.