TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА 25-Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты

ТҮРКПА 25-Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты

Дата
Көрүү
135
2021-жылдын 15-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЧОБӨА) жана Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясы (КӨИА) биргелешип уюштурган 25-Эл аралык бизнес форумунун (ЭБФ) ачылыш аземине катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 30га жакын мамлекетинин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, соода палаталарынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана чет элдик инвесторлор катышты. Форум эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүүгө, Карабактагы бошотулган аймактарды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн инвестицияларды тартууга багытталган.