TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА 14-Босфор саммитине катышты

ТҮРКПА 14-Босфор саммитине катышты

Дата
Көрүү
169
2023-жылдын 16-17-ноябрында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Осман Местен жана Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Стамбул шаарында өткөн 14-Босфор саммитине катышты. Эл аралык кызматташтык платформасы (ЭКП) тарабынан "Кийинки кылымга багыттоо: чакырыктар жана убадалар" темасында уюштурулган иш-чарага бизнес, саясат, академиялык жана маданияттын кеңири чөйрөсүндөгү лидерлер жана адистер катышты. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр саммиттин алкагында уюштурулган "Түрк дүйнөсүнүн 100 жылдык мааракеси" панелине эксперт катары катышып, Түрк Биримдиги маселесин салыштырма көз карашта талкуулап, ТҮРКПАнын жылдан жылга кеңейип келе жаткан ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошол эле панелдин журушүндө Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты,ТҮРКПАнын Укук маселелри жана эл аралык байланыштар комиссиясынын Төрагасы Осман Местен да ачылыш сөзүн сүйлөп, кызматташтык институттарынын контекстинде Түрк кызматташтыгынын дүйнөлүк масштабдагы ордуна токтолду. Панелде азербайжандык депутат Ганира Пашаева да эскерилип, Түркиядагы жыйында сүйлөгөн сөзүнүн кадрлары катышуучуларга тартууланды. ЭКП Аткаруу Кеңешинин мүчөсү Гөзде Диздар модераторлук кылган панелдик сессия платформанын негиздөөчүсү Женгиз Өзгенжилдин баяндамачыларга ыраазычылык баракчалары менен бирге эскерүү токойунда алардын атына отургузулган бак-дарактарга байланыштуу документтерди тапшыруусу менен аяктады. Эки күнгө созулган 14-Босфор саммитинде эл аралык мамилелер, коопсуздук, экономика, каржы, инвестиция, банк иши, спорт, билим берүү, энергетика, климат, экология, урбанизм, айыл чарба, искусство, медиа, санариптик трансформация, жасалма интеллект, кибер коопсуздук, археология, тарых, укук жана медицина тармактарына байланыштуу 30га жакын панелдер өткөрүлдү.