ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түркиянын тышкы иштер министри ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды

Түркиянын тышкы иштер министри ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды

Дата
Көрүү
1152

Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан мырза Азербайжан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамиль Гасан мырзаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысы Ассамблеянын акыркы бир жылдагы ишмердүүлүгү, алдыдагы Пленардык отурумга даярдыктар, жалпы парламенттик стратегияны иштеп чыгуу, жалпы максаттарга карай Түрк мамлекеттер уюму менен натыйжалуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрликтери менен үзгүлтүксүз байланыштарды сактап туруунун пайдасы жана маанилүүлүгү тууралуу өз көз караштары менен бөлүштү.

Ал бул жаатта натыйжалуу кызматташтыктын уланып жатканына канааттануусун билдирди.

Өз кезегинде Хакан Фидан мырза берилген кеңири маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Элчи Рамиль Гасан мырзанын жетекчилиги алдында ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү уланта берерин ырастады.

Министр Башкы катчыга мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза да катышты.