Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды
Дата
Көрүү
163
2025-жылдын 17-ноябрында ЕККУ ПАнын 23-күзгү жыйынынын алкагында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы профессор, доктор Нуман Куртулмуш ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамил Хасанды кабыл алды.
Башкы катчы Төрагага өткөн айдагы иш-аракеттери, анын ичинде мүчө мамлекеттердин парламент башчылары жана мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушуулары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасында 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Башкы катчы ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык Миссиясы түзүлүп, ага бардык мүчө мамлекеттердин парламентарийлери, ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү кирип, Бишкек жана Ош шаарларында шайлоо процессине байкоо жүргүзүшөөрүн билдирди.
Башкы катчы ошондой эле Төрагага ЕККУ Парламенттик Ассамблеясында Түркиянын делегация башчысы Селами Алтынок мырза тарабынан уюштурулуп, ТҮРКПАнын координациясы астында өткөн Улуттук делегация башчыларынын жана мүчөлөрүнүн биринчи координациялык жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Башкы катчы жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берип, бул координациялык жыйын келечекте бардык эл аралык парламенттик уюмдардын ичиндеги бир тууган мамлекеттердин делегацияларынын ортосунда координацияланган иш-аракеттердин механизмин түзүүгө жана жалпы кызыкчылыктарды коргоого багытталган биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууга олуттуу салым кошо тургандыгын баса белгиледи.
Башкы катчы ошондой эле учурда ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгы өз иш-планынын үстүндө иштеп жатканын жана кеңири маалымат жакын арада мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин Төрагаларына жеткириле турганын белгиледи. Казакстандын төрагалыгы жана кабылдоосу менен 2026-жылдын февраль жана март айларында мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин Тышкы иштер жана коргоо комитеттеринин биргелешкен жыйындарын өткөрүү пландаштырылууда деп белгиледи. Ошондой эле ТҮРКПАнын туруктуу комиссияларынын иш-чаралары туруктуу негизде улантыларын баса белгиледи.
Баш катчы ошондой эле Түрк Мамлекеттер Уюмунун координациясынын алкагында мамлекет башчылары кабыл алган чечимге ылайык, январдын аягында Түрк Кызматташтык Уюмдарынын биргелешкен координациялык кеңешмесин өткөрүү пландалып, учурда ага байланыштуу даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди. ТҮРКПАнын Венада өтө турган Түрк жумалыгына активдүү катышаарын жана салым кошоору тууралуу да баса белгиледи.
Көптөгөн аймактык жана глобалдык чыр-чатактарды чечүүдө жана өлкөлөр ортосундагы чыңалууну басаңдатууда эл аралык парламенттик дипломатиянын позитивдүү ролун баса белгилеген Башкы катчы келерки жылга бул багытта эл аралык конференция жана ар кандай долбоорлор пландалып жатканын белгиледи.
Башкы катчы Төрагага Түрк мамлекеттердин тышкы саясатынын артыкчылыктарына ылайык Тышкы иштер министрликтери менен координациялоодо көрүлө турган кадамдар жана башка пландалган демилгелер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Төрагага Тышкы иштер министрлери менен болгон консультацияларды, анын ичинде Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан мырзанын Ассамблеянын башка эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүү максатын көздөгөн ТҮРКПА + ТМУга негизделген формат + модел иштеп чыгуу сунушун маалымдады.
Келерки жылдын апрель айында Стамбулда ПАБдын 152 -эл аралык жыйынын алкагында пландалган ТҮРКПАнын мүчө парламенттеринин Төрагаларынын расмий эмес жолугушуусу тууралуу да маалымат берилди.
Башкы катчы ошондой эле Өзбекстанга боло турган сапарына даярдыктар уланып жатканын белгилеп, бул өлкөнүн ТҮРКПАга толук мүчөлүккө карай жылыш жасап жаткандыгына ишеним билдирди.
Профессор, доктор Нуман Куртулмуш мырза Рамил Хасан мырзага ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыска убакыттын ичинде жетишилген жетишкендиктерге канааттануусун билдирди. Ал ошондой эле, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны негиздөөчү мүчө катары ТҮРКПАга жана анын Эл аралык Катчылыгына толук колдоо көрсөтүүнү улантаарын билдирди.
Башкы катчы өз кезегинде Түрк парламентинин ырааттуу колдоосуна жана анын ТҮРКПАны бекемдөөдөгү негизги ролуна терең ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушууга Башкы катчыны анын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли жана комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова коштоп барышты.