TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түркия Парламентинин уюштуруусунда ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Тышкы иштер боюнча комитеттеринин экинчи жыйыны өттү

Түркия Парламентинин уюштуруусунда ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Тышкы иштер боюнча комитеттеринин экинчи жыйыны өттү

Дата
Көрүү
174
2025-жылы 18-19-февралында Стамбулда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда Тышкы иштер комитеттеринин 2-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Венгрия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) парламенттеринин Тышкы иштер боюнча комитеттеринин Төрагалары жана өкүлдөрү, ошондой эле Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА), Түрк мамлекеттердин уюмунун (ТМУ), Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТЮРКСОЙ), Түрк Соода-өнөр жай палаталары Бирлигинин (ТСПБ) жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин Төрагасы Фуат Октай, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрагасы Самед Сеидов, Казакстандын Мажилисинин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин Төрайымы Айгүл Куспан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык мамилелер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Төрагасы Улан Примов, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Мыйзам чыгаруу палатасынын Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин Төрагасы Улугбек Шерматов, Өзбекстан Республикасынын Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар, чет өлкөлүк инвестициялар жана туризм боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары Одилжон Маматкаримов, Түркмөнстан Парламентинин Эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрагасы Максат Кулиев, ТКТРнын Жыйынынын Укуктук, саясий маселелер, эл аралык мамилелер жана коргоо боюнча комитетинин Төрайымы Ясемин Өзтүрк, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, ТМУнун Башкы Катчысынын орун басары Өмер Кожаман сөз сүйлөштү. Сессиялардын жүрүшүндө ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев да катышуучуларга кайрылуу жасады. Эки күндүк жыйында глобалдык жана аймактык маселелер, ошондой эле Түрк дүйнөсү жана парламенттик дипломатия тууралуу талкуулар жүрдү. Жыйынга төрагалык кылган Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин Төрагасы Фуат Октай сөз сүйлөп, Түрк дүйнөсү менен көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү улантып жатышканын билдирди. Октай мырза ошондой эле Түрк өлкөлөрдүн зор күч-аракети менен иштелип чыккан кызматташтык механизмдери ийгиликтүү институтташтырылганын баса белгилеп, бардык тармактарда бекем пайдубалдар түптөлүп жатканын айтып өттү. Ал белгилегендей, байланыштар эки тараптуу деңгээлде гана эмес, ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Түрк инвестициялык фонду, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк Академиясы жана Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын Биримдиги аркылуу көп тараптуу деңгээлде да өнүгүп жатканын жана бул аракеттер өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана тереңдетүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр түрк мамлекеттердин Түркия менен кызматташууга болгон күчтүү эрки ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн тездетүүгө көмөктөшкөнүн айтып, алардын бүгүн бирге болушу "жалпы баалуулуктардын" натыйжасы экенин баса белгиледи. Башкы катчы мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чыңдоонун артыкчылыктарын баса белгилеп, Парламенттик дипломатиянын куралдарын колдонуу менен мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо түрк элдеринин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаркын келечек түзүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Башкы катчы Катчылыктын ишмердүүлүгү жөнүндө да сөз кылды. Ал туруктуу комиссиялардын, жумушчу топтордун ишмердүүлүгү, шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүү жана алардын түрк мамлекеттердин жалпы бакубаттуулугуна кандай салым кошуп жатканы тууралуу айтып берди. 2025-жылдын 19-февралында делегациялар үчүн маданий программа уюштурулуп, Стамбулдун тарыхый жерлери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Программанын алкагында делегациялар кылымдык тарыхы менен белгилүү болгон Айя Софияга жана Топкапы сарайына баруу сыймыгына ээ болушту. Жыйындын жүрүшүндө Башкы катчыны Комиссиянын катчысы Кадир Яман жана Комиссиянын катчысынын милдетин аткаруучу Айгерим Таалайбекова коштоп жүрүштү. 2024-жылдын 25-апрелинде Азербайжандын борбору Бакуда Түрк мамлекеттердин парламенттеринин Тышкы иштер боюнча комитеттеринин биринчи жыйыны болуп өткөн. Стамбулда өткөн экинчи жыйындын жүрүшүндө катышуучулар түрк дүйнөсүнө тиешелүү аймактык жана глобалдык окуяларды, ошондой эле жыйынды үзгүлтүксүз жана натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу стратегиясын талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жарыяланды.