Түркия Парламентинин уюштуруусунда ТҮРКПАга мүчө парламенттердин коргоо комитеттеринин төрагаларынын биринчи жыйыны өттү
Дата
Көрүү
157
2024-жылдын 22-24-майында Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) уюштуруусунда ТҮРКПАга мүчө парламенттердин коргоо боюнча комитеттеринин төрагаларынын биринчи жыйыны болуп өттү.
ТУУЖдун ТҮРКПАдагы Төрагалыгы алкагында уюштурулган жыйын “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин коргонуу жана коопсуздук архитектурасы” деген тема алдында өттү.
Отурумга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламенттеринин коргоо боюнча комитеттеринин төрагалары жана төрага орун басарлары, ТҮРКПАнын Башкы катчысы, ТУУЖдун ТҮРКПАдагы делегациясынын мүчөлөрү, парламентарийлер жана кызмат адамдары катышты.
Ачылыш сессиясында видеоконференция аркылуу ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы жана ТУУЖдун Төрагасы Нуман Куртулмуш, ТУУЖдун Улуттук коргоо боюнча комитетинин төрагасы Хулуси Акар жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан сөз сүйлөштү.
Иш-чарада ошондой эле Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Коргоо, коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Зияфет Аскеров, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дархан Кыдырали, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Эльдар Сулейманов, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Козимжон Тожиев, ТКТР Жыйынынын Укуктук, саясий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Ясемин Өзтүрк жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр сөз сүйлөштү.
"Түрк дүйнөсү келечектеги көп уюлдуу дүйнөнүн маанилүү оюнчуларынын бирине айланышка тийиш. Түрк дүйнөсүнүн биримдиги, ынтымактыгы жана орток келечекке карай кадам жасоосу дүйнө тынчтыгына коркунуч эмес, тескерисинче, бүткүл дүйнөлүк тынчтыкты камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүк түзөрү тартышсыз", – деди Парламенттин башчысы Нуман Куртулмуш.
ТУУЖдун Улуттук Коргоо юоюнча комитетинин төрагасы Хулуси Акар стратегиялык кызматташтык жагынан коргоо жана коопсуздук маселелеринин маанилүүлүгүнө токтолуп, мындан аркы кызматташтык жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүнү улантуу зарылдыгын баса белгиледи.
Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан өз сөзүндө түрк дүйнөсүндө улуттук коопсуздукка бирдиктүү маани берилишин калыптандырууда парламенттердин катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Катышуучулар өз сөзүндө ТҮРКПАнын алкагында мыйзам чыгаруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга жана кызматташууга көмөктөшүүчү тиешелүү комитеттердин жыйындарынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз кайрылуусунда ТҮРКПА түрк мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуу платформасы катары түрк өлкөлөрүнүн коргонуу жана коопсуздук архитектурасына салым кошуу үчүн зарыл инфраструктурага ээ экенин белгиледи.
2024-жылдын 23-майында делегация Түркия Республикасынын Президентин жанында Коргоо өнөр жайынын катчылыгына барып, бул мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты. Эртеси күнү делегация Анкарада Түркиянын аэрокосмостук өнөр жайы (ТАӨ) жана "ASELSAN" Аскердик электроника өнөр жайы менен таанышты. Делегация ТАӨнүн өндүрүш линиясын кыдырып, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды. Андан соң "ASELSAN" Акюрт кампусуна барышып, компаниянын ишмердүүлүгү жана продукциялары тууралуу брифингге катышты. 2024-жылдын 24-майында делегация Стамбулдагы Өздемир Байрактар улуттук технология борборуна барышты.
Иш-чаранын алкагында социалдык программа да уюштурулду. Программа түрк дүйнөсүндө кеңири аудиторияга ээ болгон "Дирилиш Эртугрул" жана "Курулуш Осман" сыяктуу көптөгөн маанилүү сериалдар тартылган "Боздаг" киноплатосуна баш багуусу менен аяктады.