Түркия парламентинин төрагасы ТҮРКПА комиссиясынын мүчөлөрүн кабыл алды
Дата
Көрүү
118
2020-жылдын 27-февралында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Анкарада уюштурулган семинардын катышуучуларын, ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Садык Шер-Нияз баштаган комиссия мүчөлөрүн кабыл алды. Ошондой эле жолугушууга ТҮРКПАнын комиссиясынын отурумуна катышуу үчүн келген Өзбекстандын делегациясы дагы катышты.
Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп улуттук мыйзамдарды жакындаштыруу боюнча өткөн иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, семинар катышуучуларынын жасаган аракеттерине ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде семинар катышуучулары ТУУЖду 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, комиссия алкагында өткөн отурумду жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдиришти.