TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түркия парламентинин Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

Түркия парламентинин Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

Дата
Көрүү
154
2025-жылдын 23-октябрында Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш мырза ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан жетектеген делегацияны кабыл алды. Куртулмуш мырза Рамил Хасан мырзаны ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызматына киришиши менен куттуктап, ага мындан аркы ийгиликтерди жана жемиштүү иштерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана жалпы улуттук кызыкчылыктарды коргоого багытталган ТҮРКПАнын келечектеги ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер: Түрк мамлекеттеринин Тышкы иштер министрликтери менен кызматташууну чыңдоо, Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) менен кызматташуунун жаңы механизмин ишке ашыруу, ошондой эле Ассамблеянын алкагында ар түрдүү эл аралык парламенттик уюмдарда улуттук парламенттик делегациялардын ишин координациялоону өркүндөтүү талкууланды. Куртулмуш мырза Коргоо, Коопсуздук жана Аскердик маселелер боюнча комитеттердин жыйындарын башка комитеттердин жыйындары менен биргеликте өткөрүү максатка ылайыктуу болоорун сунуштады. Парламент Төрагасы менен Башкы катчынын ортосундагы талкуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн негизги темалардын арасында ЕККУ ПАнын жыйындарынын алкагында мүчө парламенттердин делегация башчыларынын жолугушууларын уюштуруу жана төрагалардын расмий эмес жыйындарын жыл сайын уюштуруу болду. Мындай форматтагы алгачкы жыйынды апрель айында Стамбул шаарында өтө турган Парламенттер аралык Биримдиктин (ПАБ) 152-Ассамблеясынын алкагында өткөрүү пландалууда. Башка маанилүү сунуштардын катарында учурдагы ТҮРКПА Төрагалыгынын жетекчилиги астында комиссия менен достук топторунун төрагаларын бириктирип жолугушуу өткөрүү мүмкүндүгү да камтылды. Тараптар ошондой эле кийинки пленардык отурум учурунда Катчылыктын укуктук документтерин жаңыртуу жана заманбап талаптарга жооп берген жаңы бюджетти кабыл алуу маселелерин талкуулашты. Нуман Куртулмуш мырза аталган демилгелерди толугу менен колдоду. Ошондой эле ТҮРКПА менен Парламенттер аралык Биримдиктин (ПАБ) Башкы катчыларынын эки тараптуу жолугушуусунда макулдашылган кыска мөөнөттүк стажировка программаларын уюштуруу чечими да кубатталып, келечекте ЕККУ жана ЕККУ ПА сыяктуу башка эл аралык уюмдардын Катчылыктарынын тажрыйбасынан пайдалануу максатка ылайыктуу деп эсептелди. Башкы катчыны анын орун басарлары Талгат Адуов жана Мухаммет Алпер Хаяли коштоп барышты.