TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түркия парламентинде ТҮРКПАнын мааракелик медалы менен сыйлоо аземи болуп өттү

Түркия парламентинде ТҮРКПАнын мааракелик медалы менен сыйлоо аземи болуп өттү

Дата
Көрүү
118
2019-жылдын 16-майында ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын жетинчи жыйынынын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) ТҮРКПАнын 10-жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө менен ТҮРКПАнын мааракелик медалын тапшыруу аземи болуп өттү. ТУУЖ төрагасы Мустафа Шентоп салтанатту иш-чарага катышып сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө парламентаризимдин өнүгүшүнө жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгына барандуу салым кошкон парламентарийлерге ыраазычылык билдирип, сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. ТҮРКПАнын мааракелик медалы менен ТУУЖдун мөөнөттөгү төрагасы Мустафа Шентоп жана ошондой эле Түркия парламентинин мурдагы төрагалары Көксал Топтан, Мехмед Али Шахин, Жемил Чичек, Исмет Йылмаз, Исмаил Кахраман, жана Бинали Йылдырым мурдагы парламент депутаттары Невзат Пакидил, Халык Ипек, Экрем Эрдем, Фейзулла Кыйыклык жана ТУУЖ депутаты Эркан Айдын сыйланды. Мындан сырткары салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) акыркы 10 жылдагы ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө менен таанышышты.