Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын башкы катчысы Жандос Асанов жана башкы катчынын орун басары Алтынбек Мамаюсупов Ош мамлекеттик университетинде жолугушуу өткөрүштү
Дата
Көрүү
125
Ош шаарына биринчи ирет иш сапары менен келгендигин билдирген Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын башкы катчысы Жандос Асанов Ош мамлекеттик университети Кыргызстанда эле эмес Орто Азиядагы белгилүү университеттердин катарында жогору бааланып келе жаткандыгын белгилеп, 30 миңге чукул студенттери бар, көптөгөн илимдин докторлору, профессорлор эмгектенген, бүгүнкү заман талабына ылайык өнүгүп-өсүп жаткан университеттин жамааты менен жолугуп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.
2008-жылы түзүлгөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын биринчи пленардык жыйыны Азербайжандын Баку шаарында өтүп, учурда эл аралык статуска ээ болгон ТүркПАнын катчылыгы Баку шаарында жайгашкандыгын билдирди.
Ал эми сөзгө чыккан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары Алтынбек Мамаюсупов ТүркПАнын негизги максаты түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо, саясий көз караштарын жакындатуу, маалымат алмашуу, түрк маданиятын өркүндөтүү, экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, түрк дүйнөсүндөгү элдердин көйгөйлүү маселелеринин алдын алуу болуп санала тургандыгын кошумчалады.
Ошондой эле, жыйындын катышуучулары суроолор менен кайрылып, жоопторду алышты.