Түрк мамлекеттеринин акыйкатчыларынын жана улуттук укук коргоо мекемелеринин ассоциациясы түзүлдү
Дата
Көрүү
123
2022-жылдын 13-майында Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров мырза Түркиянын Бурса шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттеринин Акыйкатчыларынын жана улуттук укук коргоо мекемелеринин ассоциациясын түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюу аземине катышты. Өз ара түшүнүшүү Меморандумуна Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын акыйкатчылары кол коюшту.
Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин Төрагасы Бинали Йылдырым мырза, Түркиянын Башкы акыйкатчысы жана Ислам Кызматташтык Уюмунун Акыйкатчы Ассоциациясынын (ИКУ АА) Президенти Шереф Малкоч мырза, Азербайжан Республикасынын Адам укуктары боюнча Комиссары (Акыйкатчысы) Сабина Алиева айым, Казакстан Республикасынын Акыйкатчысы Эльвира Азимова айым, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова айым, Өзбекстан Республикасынын Акыйкатчысы Феруза Эшматова айым жана ТМУнун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов мырза жыйында сөз сүйлөштү.