TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түрк мамлекеттер шайлоо кызматташтыгын бекемдейт

Түрк мамлекеттер шайлоо кызматташтыгын бекемдейт

Дата
Көрүү
162
2025-жылдын 13-15-майында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр башында турган делегациясы Казакстандын Түркстан шаарына барып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын консультативдик платформасы жөнүндө Жобого жана ага байланыштуу документтерге кол коюу аземине катышты. Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев, ТУМунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Дүйнөлүк Шайлоо органдарынын Ассоциациясынын Башкы катчысы Ин-сик Джанг, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, Түрк академиясынын президентинин орун басары Асхат Кесикбаев, Венгриянын Улуттук шайлоо бюросунун катчылыгынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Истван Тоз, ошондой эле Түркстан аймагынын акими Нуралхан Кушеров иш-чарага катышты. 14-майда Түрк мамлекеттеринин уюмунун мүчө мамлекеттеринин Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасы (APCEA) жөнүндөгү Жобого кол коюу аземи болуп өттү. Аземдин ачылышында Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров сөз сүйлөп, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин иш-чаранын катышуучуларына арналган куттуктоо билдирүүсүн окуп берди. Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилистин Төрагасы Ерлан Кошанов да иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо билдирүүлөрүн жиберишкен. Бул билдирүүлөрдү Сенаттын мүчөсү Дархан Кыдырали жана Мажилистин депутаты Снежанна Имашева окуп беришти. Өз сөзүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Түрк дүйнөсү үчүн терең тарыхый, маданий жана руханий мааниге ээ болгон Түркстан шаарында кайрадан болуу кубанычын билдирип өттү. Ал түрк мамлекеттеринин шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыктын институционалдашуу жана туруктуу негизге өтүү багытында Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасы (APCEA) жөнүндөгү Жобого кол коюулушун маанилүү кадам катары баса белгиледи. Ошондой эле бул кадам түрк мамлекеттердин кызматташтыгы жана демократиялык башкаруу боюнча жалпы көз карашынын дагы бир айкын көрүнүшү экендигин белгиледи. Башкы катчы шайлоолорду өткөрүүдө ар бир түрк мамлекети өзүнүн жеке тажрыйбасына ээ экенин белгилеп, бул контекстте Борбордук шайлоо органдарынын ортосундагы туруктуу консультативдик механизм алдыңкы тажрыйба алмашуу жана өлкөлөрдүн демократиясын жалпы коркунучтардан коргоо жагынан чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал ТҮРКПАнын шайлоолордо жана референдумдарда байкоо жүргүзүү ишмердүүлүгүн уюмдун түрк мамлекеттердеги демократиялык, адилеттүү жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө кошкон салымы катары токтолуп, түрк мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдары менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи. Иш-чаранын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маек берди. Ошол эле күнү “Түрк дүйнөсү: шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн салттары, практикасы жана келечеги” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен биргеликте Хожа Ахмед Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинде уюштурулуп, пленардык жана "Түрк коомчулугундагы шайлоо салттары" жана "Түрк мамлекеттердеги шайлоо системаларынын анализи: жетишкендиктер жана перспективалар" аталышындагы эки сессиялык жыйын болду. Иш-сапар программасынын алкагында 13-майда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Программанын социалдык бөлүгү Хожа Ахмед Ясавинин күмбөзүнө, "Визит-борборуна" жана Этно-айылга барууну, "Достук үйүнүн" имаратында этномаданий борборлордун бет ачары, китеп көргөзмөсү жана Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Хожа Ахмед Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк музейиндеги экспозициясы, университеттин Ботаникалык бакчасында бак отургузуу аземи, ошондой эле Түркстан музыкалык драма театрында "Коркыт жөнүндө легенда" спектаклин жана "Кербен-Сарай" туристтик комплексинде фонтан шоусун көрүүнү камтыды. Иш-чаралардын жүрүшүндө Башкы катчыны ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкерлери Азар Маммадов жана Шахида Мехдиева коштоп жүрүштү. Платформаны түзүүнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 2023-жылдын 3-ноябрында Астанада өткөн ТМУнун 10-саммитинин жүрүшүндө демилгелеген. Демилге түрк мамлекеттердин башчылары тарабынан колдоого алынып, 2024-жылдын 6-ноябрында ТМУнун Бишкектеги 11-саммитинин кол коюлган декларациясында чагылдырылган.