Түрк кызматташтык институттарынын координациялык жыйыны өттү
Дата
Көрүү
124
2020-жылдын 22-сентябрында Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Түрк кызматташтык Уюмдарынын Координациялык комитетинин видео-конференция форматындагы жолугушуусуна катышты. Белгиленген жолугушууда Түрк кеңешинин Баш катчысы Багдад Амреев мырза, ТҮРКСОЙдун Баш Катчысы Дуйсен Касенов мырза, Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти Дархан Кыдырали мырза жана Түрк маданият жана мурас фондунун Президенти Гюнай Афандиева айым катышышты.
Катышуучулар тийиштүү уюмдарда жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти, катчылыктардын ортосундагы маалымат алмашууну жөнүндө талкууларды жүргүзүштү.
Институттар арасындагы өз ара аракеттешүүнүн зарылчылыгын белгилеп, келечекте биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жѳнүндѳ пикир алмашышыты. Ошондой эле 2021-жылы айрым мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30-жылдык маарекесине карата иш-чара ѳткѳрүү жана түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандарынын юбилейлерин белгилѳѳ тууралуу маанилүүлүгүн билдиришти.
Аталган тараптар Координациялык комитеттин отурумдарын туруктуу негизинде өткөрүп турууга макулдулугун билдиришти.