TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түрк Кеңешинин бейрасмий саммити өттү

Түрк Кеңешинин бейрасмий саммити өттү

Дата
Көрүү
110
2021-жылы 31-мартта Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Түрк Кеңешинин онлайн форматында өткөрүлгөн бейрасмий саммитине катышты. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түрк Кеңешинин Ардактуу Төрагасы жана Казакстандын Туңгуч Президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк Кеңешинин Баш катчысы Багдад Амреев саммит учурунда сөз сүйлөштү. Иш-чаранын ачылышында Түркстан шаары жөнүндө видео көрсөтүлдү. Түрк мурасын жана жалпы баалуулуктарын жайылтуу жана дүйнөлүк таанытуу маанилүүлүгүн билдирип, катышуучулар Түркстан шаарынын өзгөчө ролун баса белгилешти жана аны Түрк дүйнөсүнүн руханий борбор шаары катары жарыялашты. Мамлекеттердин Башчылары өлкөлөрдүн арасындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечекте өнүгүүсү жөнүндө пикир алмашышты.