Төрага Мустафа Шентоп баштаган ТУУЖдун делегациясы ТҮРКПА Катчылыгына сапар жасады
Дата
Көрүү
123
2022-жылдын 17-майында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп ТҮРКПАнын Катчылыгына иш сапары менен келди. Төраганы ТУУЖдун парламенттик делегациясы жана Түркиянын Бакудагы дипломатиялык өкүлдөрү коштоп жүрүштү.
Төрага жетектеген делегацияны ТҮРКПАнын кызматкерлери тосуп алып, Катчылыктын имараты менен тааныштырышты.
Тараптар Катчылыктын учурдагы жумушун, пландаштырылып жаткан иш-чараларын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Түркия Парламентинин башчысына ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 23-24-июнунда Чолпон-Ата шаарында болуп өтө турган Он биринчи пленардык жыйынга даярдыктар жөнүндө маалымат берди.