TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТМУнун Аксакалдар Кеңешиндеги Азербайжандын өкүлү ТҮРКПАнын Катчылыгында болду

ТМУнун Аксакалдар Кеңешиндеги Азербайжандын өкүлү ТҮРКПАнын Катчылыгында болду

Дата
Көрүү
160
2023-жылдын 20-ноябрында мамлекеттик ишмер, Азербайжандын Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар Кеңешиндеги өкүлү Хасан Хасанов Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрге сылык сапары менен барды. Тараптар түрк кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашып, анын мындан ары да чыңдалышына ишеним билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Хасанов мырза Эр мырзага Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган Түрк академиясы тарабынан азербайжан тилинен түрк тилине которулган "Heydər Əliyev: Parlaq, xarizmatik şəxsiyyət haqqında xatirələr" (Гейдар Алиев: Жаркын, харизматикалык инсан жөнүндө эскерүүлөр) аттуу китебин тапшырды. Хасан Хасанов - белгилүү саясатчы, мамлекеттик ишмер, дипломат, окумуштуу, тарых илимдеринин доктору. Азербайжан ССР Министрлер Кеңешинин Төрагасы, Азербайжан Республикасынын БУУдагы биринчи туруктуу өкүлү жана биринчи элчиси жана Азербайжандын биринчи премьер-министри болгон. 1990-1992-жылдары Азербайжан Республикасынын Премьер-министри болгон. 1992-1993-жылдары Азербайжан Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматтарын ээлеген. 1993-1998-жылдары Азербайжандын Тышкы иштер министри болуп иштеген. Ал ошондой эле Азербайжандын Венгриядагы жана Польшадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. Хасанов мырза 23 жыл бою Советтер Союзунун жана Азербайжандын парламенттеринин депутаты болгон. Хасан Хасанов илимий жана көркөм чыгармачылык менен да алектенет. Ал улуу ойчул Мирза Фатали Ахундовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган "Азербайжан аттуу мамлекеттин жаралышы" монографиясынын жана "Брюсселден каттар" пьесасынын, ошондой эле бир катар монографиялардын, чыгармалар жыйнактарынын, кеп сандаган докладдар жана макалалардын автору. Бакуда "Адам коомунун саясий генезисинин тарыхынын философиясы" жана Тбилисиде "Нариман Наримановдун улуттук мамлекеттүүлүк көз караштары жана ишмердүүлүгү" деген темада эки докторлук диссертациясын коргогон.