ТКТРнын Жыйынынын Төрагасы ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды
Дата
Көрүү
152
2025-жылдын 20-ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жыйынынын Төрагасы Зия Өзтүрклер Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жыйыны тарабынан Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясында (ТҮРКПА) байкоочу статусунун алкагында акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктүн маанилүүлүгү баса белгиленди. ТҮРКПАнын Аял парламентарийлер тобунун колдоосу астында 2025-жылдын 28-31-май күндөрү ТКТРда өткөн Түрк мамлекеттердин Аял парламентарийлеринин 1-саммитинин ийгиликтүү аякташына өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, келечекте ТКТРда ушундай эл аралык иш-чаралар жана долбоорлорду өткөрүүнүн мааниси жана зарылдыгы баса белгиленди.
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Рамил Хасан мырза мындан ары да ТКТРнын Жыйынынын активдүү катышуусу жана анын демилгелери ТҮРКПАнын кийинки иш-чараларында, анын ичинде алдыдагы пленардык отурумдар, комитеттердин жыйындары жана парламенттердин Төрагаларынын бейрасмий жолугушуулары сыяктуу иш-чараларында толук колдоо алаарын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Элчи Рамил Хасан Төрагага ТҮРКПАнын жакынкы аралыкта ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлору тууралуу маалымат берди жана Габалада алардын жетекчилиги астында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) 12-саммитиндеги ТКТРга мамлекет башчыларынын жогорку деңгээлдеги колдоосун белгиледи. Ошондой эле ТКТРга ТҮРКПАда байкоочу статусун берүү алкагында түзүлгөн жемиштүү жана динамикалуу кызматташтыкты белгилеп, ТҮРКПАнын өз ыйгарым укуктарынын алкагында анын келечектеги ишмердүүлүгүнө мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Башкы катчы ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин Төрагасы Ерлан Кошановдун жетекчилиги астында Ассамблея маанилүү, стратегиялык жана масштабдуу демилгелерди 2026-жылга пландаштырганын белгиледи. ТКТР делегациясы бул демилгелердин көбүнө активдүү катышат деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде ЖыйындынТөрагасы Зия Өзтүрклер мырза Башкы катчыга ТҮРКПАга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана ТКТР Жыйынына жасаган сапары үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. ТКТР Түрк элинин ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилеп, ТҮРКПАнын Түрк дүйнөсүнүн ичиндеги байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык укуктук ченемдердин алкагында ТКТР туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердүүлүгүнө канааттангандыгын билдирди. Өзтүрклер мырза ТКТР тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо туруктуу негизде улана берерине ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун келечектеги багыттары жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Жолугушууга Башкы катчынын орун басарлары Талгат Адуов жана Мухаммет Алпер Хаяли, ошондой эле Катчылыктын кызматкери Алескер Агаев катышты.