TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТКТРнын Тышкы иштер министри ТҮРКПАнын Катчылыгына келди

ТКТРнын Тышкы иштер министри ТҮРКПАнын Катчылыгына келди

Дата
Көрүү
149
2025-жылдын 27-ноябрында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан сылык сапары менен келген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглуну Бакудагы ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгында кабыл алды. ТКТРнын Бакудагы өкүлү Элчи Уфук Турганер айым жана үчүнчү катчы Гөркем Рейс мырзанын катышуусунда жылуу жана туугандык атмосферада өткөн бул жолугушуу Түрк мамлекеттеринин алкагында ТКТРнын кызматташтыгын кеңейтүү жана көрүнүктүүлүгүн мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду. Бакуга расмий сапар менен келген министр Эртугрулоглу ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгында болуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди. Башкы катчы Элчи Хасанга туруктуу колдоосу жана ТКТРнын Ассамблеясынын ишмердүүлүгүнө активдүү катышуусун жана өкүлчүлүгүн жогорулатуу боюнча конструктивдүү аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде Башкы катчы Рамил Хасан Тышкы иштер министри Эртугрулоглуну ТҮРКПАда тосуп алуу чоң сыймык экенин ырастады. Башкы катчы Хасан мырза келечектеги кызматташтыкка ишенимин билдирип, буга чейин ТКТРнын өткөргөн жолугушуулар алдыдагы мезгилде дагы уланат деген ишенимин бекемдеди. Ошондой эле Ассамблеянын негизги иш-чараларына ТКТРнын активдүү катышуусу ТүркПАнын Катчылыгы тарабынан толук колдоого алынарын баса белгиленди. Жолугушууга ТҮРКПА комиссиясынын катчысы Кадир Яман, Протокол башчысы Ядигар Маммадов, илимий эксперт Камила Музаффарли жана ТҮРКПАнын Башкы катчысынын жардамчысы Тахмина Бакиева катышты.