TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТКТРнын Тышкы иштер министри ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды

ТКТРнын Тышкы иштер министри ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды

Дата
Көрүү
157
2025-жылдын 20-ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Рамил Хасан баштаган делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Хасан мырза өзүнүн иш-сапарынын алкагында ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери жана парламент Төрагалары менен жемиштүү талкууларды өткөргөнүн, анын жүрүшүндө ТКТРга колдоо көрсөтүүнү улантуу жөнүндө пикир алмашканын баса белгиледи. Ошондой эле Ассамблеянын негизги иш-чараларына ТКТРнын активдүү катышуусу толук колдоого алынаарын белгиледи. Хасан мырза министрге ТҮРКПАнын жакынкы убакыттарда ишке ашырылып жаткан ири демилгелери тууралуу маалымат берип, Габалада мамлекет башчыларынын жетекчилиги астында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 12-саммитинде ТКТРга көрсөтүлгөн жогорку деңгээлдеги колдоону белгилеп өттү. ТҮРКПАнын Ассамблеянын мандатынын алкагында ТКТРнын келечектеги ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады. Башкы катчы ошондой эле Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы, ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Ерлан Кошанов мырзанын жетекчилиги астында Ассамблея 2026-жылга негизги жана стратегиялык маанилүү демилгелер даярдалып жатканын, аларды ишке ашырууда ТКТР өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу негизги ролду ойнойт деп баса белгиледи. Өз кезегинде министр Эртугроглу мырза ТКТР менен жалпы Түрк дүйнөсүнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо максатын, өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле ТҮРКПАнын делегациясына бул алкакта ТКТРнын таанылышын жогорулатууга колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуу кызматташуунун келечектеги багыттары жана биргелешкен потенциалдуу демилгелер жөнүндө толук пикир алмашууга мүмкүндүк берди. Жолугушууга Башкы катчынын орун басарлары Талгат Адуов жана Мухаммет Алпер Хаяли, ошондой эле Катчылыктын кызматкери Алескер Агаев катышты.