ТКТРнын Президенти ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды
Дата
Көрүү
159
2025-жылдын 20-ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Туфан Эрхурман мырза Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Рамил Хасан мырза баштаган делегацияны кабыл алды.
Башкы катчы Хасан мырза өзүнүн иш-сапарларынын алкагында ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери жана парламент Төрагалары менен жемиштүү жолугушууларды өткөргөнүн, анын жүрүшүндө келечекте ТКТРга тийиштүү колдоо көрсөтүү боюнча пикир алмашканын баса белгиледи. Ошондой эле Ассамблеянын негизги иш-чараларына ТКТРнын активдүү катышуусу мындан ары да тийиштүү түрдө колдоого алынаарын белгиледи.
Хасан мырза Президентке ТҮРКПА тарабынан акыркы учурда ишке ашырылган негизги демилгелер жөнүндө кыскача маалымдады жана Габалда мамлекет башчыларынын жетекчилиги астында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 12-саммитинде ТКТРга берилген жогорку деңгээлдеги колдоого өзгөчө көңүл бурду. ТҮРКПА Ассамблеянын мандатынын алкагында ТКТРнын келечектеги ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.
Башкы катчы ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырзанын жетекчилиги астында Ассамблея 2026-жылга карата маанилүү жана стратегиялык демилгелерди даярдап жатканын белгилеп, бул иш-чараларга карата ТКТРнын өкүлдөрүнүн баалуу ролун жана активдүү катышуусун белгиледи.
Президент Эрхүрман мырза Хасан мырза кызматта турганда парламенттик дипломатиянын, боордош Түрк мамлекеттердин көөнөрбөс тилектештигинин колдоосу менен ТКТР менен ТҮРКПАнын ортосундагы мамиле мындан ары да бекемделе берерине ишенимин билдирди. Эрхүрман мырза түрк мамлекеттер ТКТРнын укуктук ишин эл аралык укуктун ченемдерине ылайык колдоону уланта берээрин баса белгилеп, ТКТР ТМУнун алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго активдүү катышуусун улантып, 2026-жылга пландаштырылган ТҮРКПАнын иш-чараларында маанилүү роль ойной тургандыгына ишенимин ырастады.
Жолугушууга Башкы катчынын орун басарлары Талгат Адуов мырза жана Мухаммет Алпер Хаяли мырза, ошондой эле Эл аралык Катчылыктын кызматкери Алескер Агаев мырза да катышты.