TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТКТР Парламентинин башчысы ТҮРКПА делегациясын кабыл алды

ТКТР Парламентинин башчысы ТҮРКПА делегациясын кабыл алды

Дата
Көрүү
157
2024-жылдын 14-ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Жыйынынын Төрагасы Зия Өзтүрклер ТКТРнин түзүлгөндүгүнүн 41 жылдыгын майрамдоого катышуу учун иш сапары менен келген ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегацияны кабыл алды. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 41 жылдыгында өлкөгө сапар жасоого кубанычтуу экенин билдирген Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр бул жанаша менен Кипр түрк элин чын жүрөктөн куттуктады. Башкы катчы Зия Өзтүрклерди Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жыйынынын Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктады. ТКТРнин ТҮРКПАнын иш-чараларына катышуусу кызматташтыкка колдоо жана күч бергенин белгилеген Башкы катчы "тил, идея жана иш-аракеттердин биримдиги" деген ураандын негизинде ТКТРнин түрк кызматташтыгына кошкон салымына канааттангандыгын билдирди. Ал парламент башчысына ТҮРКПАнын алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Парламент Төрагасы Зия Өзтүрклер кипрдик түрктөрдүн мындан 41 жыл мурда күрөшүнүн эң маанилүү күндөрүнүн бирин башынан өткөргөнүн жана жолугушуунун өтүп жаткан тарыхый парламент имаратында Түндүк Кипр Түрк Республикасы жарыяланганын белгиледи. ТКТР Парламентинин 2023-жылы ТҮРКПАга байкоочу катары киргенин белгилеген Зия Өзтүрклер ТКТРнин ТҮРКПА жана Түрк мамлекеттер уюму сыяктуу эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүгүнүн маанисине басым жасады. Парламент башчысы ТҮРКПА делегациясына майрамдык иш-чараларга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Түндүк Кипр Түрк Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкерлери Азар Маммадов жана Алескер Агаев коштоп жүрүштү. Жолугушууга Түндүк Кипр Түрк Республикасы Парламентинин мүчөсү Хасан Күчүк, Түндүк Кипр Түрк Республикасы Парламентинин Башкы катчысы Серал Фырат жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы Парламентинин Басма сөз, тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн директору Милхан Лакадамялы да катышты.