TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТДАИБ делегациясы ТҮРКПА Катчылыгына келди

ТДАИБ делегациясы ТҮРКПА Катчылыгына келди

Дата
Көрүү
131
2022-жылдын 13-январында Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү боюнча министринин орун басары жана Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер биримдигинин (ТДАИБ) Башкы Президенти Мүжахит Демирташ жетектеген делегация ТҮРКПА Катчылыгына келип, Катчылыктын дипломатиялык кызматкерлери менен жолугушту. Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров делегацияга Ассамблеянын алкагында жүргүзүлүп жаткан уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Өз кезегинде ТДАИБ Башкы Президенти Мүжахит Демирташ жана ТДАИБ Башкы катчысы Ильяс Демиржи да Биримдиктин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришип, мындан аркы жигердүү кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз уюмдарынын ортосундагы мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.