TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Шушада “Түрк мамлекеттердин уюму: геосаясий реалдуулуктардын жана глобалдык катаклизмдердин контекстинде жаңы стратегиялык максаттарга карай” аттуу конференция өттү

Шушада “Түрк мамлекеттердин уюму: геосаясий реалдуулуктардын жана глобалдык катаклизмдердин контекстинде жаңы стратегиялык максаттарга карай” аттуу конференция өттү

Дата
Көрүү
147
2024-жылдын 15-июнунда Башкы катчынын орун басары Сакы Садыков Шуша шаарында өткөн “Түрк мамлекеттердин уюму: геосаясий реалдуулуктардын жана глобалдык катаклизмдердин контекстинде жаңы стратегиялык максаттарга карай” аттуу эл аралык конференцияга катышты. "Жаңы Азербайжан" партиясы (ЖАП) тарабынан уюштурулган иш-чара азербайжан элинин улуттук куткаруу күнүнө жана Шуша декларациясына кол коюунун 3 жылдыгына арналган. Эл аралык конференцияга 300гө жакын конок, анын ичинде парламентарийлер, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин башкаруучу партияларынын өкүлдөрү катышты. Азербайжан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Cаясий партиялар жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Адалат Велиев Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин конференциянын катышуучуларына жолдогон куттуктоосун окуп берди. Андан соң "Жаңы Азербайжан" партиясынын маалымат агенттигинин Ени ТВ (Жаңы ТВ) тарабынан даярдалган "Биз бирге күчтүүбүз!" даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Конференцияда “Түрк мамлекеттердин уюму: глобалдык коопсуздукка регионалдык салым”, “Жалпы баалуулуктардын биримдиги жана заманбаптык: жаңы диалог аянтчасы катары партиялык дипломатия” жана «Түрк дүйнөсү-2040: келечекке концептуалдык көз караш» деген темаларда 3 пленардык жыйын өттү. Иш-чаранын катышуучулары Азербайжандын тарыхый жери болгон Карабактын кайра жаралуусунун жана гүлдөшүнүн символу болуп эсептелген Шуша шаарында өткөн конференцияга катышуусуна канааттангандыктарын билдиришти. Ошондой эле глобалдык чакырыктардын жана туруксуздуктун фонунда түрк дүйнөсү кызматташтыкты бекемдөө жана маанилүү максаттарга жетүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгилешти. Өз кезегинде Шуша декларациясы бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн маанисин арттырат, анткени документте тышкы саясат, коопсуздук, экономика, ошондой эле түрк дүйнөсүн дүйнөгө жакындатуу саясаты сыяктуу кызматташтыктын бардык багыттары чагылдырылган. Конференция "Жаңы Азербайжан" партиясынын гимнинин аткарылышы менен аяктады. Иш-чаранын катышуучулары Шушанын тарыхый жерлери, шаарда жүргүзүлүп жаткан курулуш жана реконструкция иштери менен таанышты.