TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Стамбулда Түрк Кеңешинин Сегизинчи Саммити болуп өттү

Стамбулда Түрк Кеңешинин Сегизинчи Саммити болуп өттү

Дата
Көрүү
133
ТҮРКПАнын Башкы катчысы 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында «Санариптик доордо жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар» деген темада болуп өткөн Түрк Кеңешинин Сегизинчи Саммитине катышты. Саммитте Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев сөз сүйлөдү. Жыйында Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы соода мамилелерин жеңилдетүүнүн маанилүүлүгү талкууланды. Саммитте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин атын “Түрк мамлекеттердин уюму» деп өзгөртүү, Түркмөнстанга уюмда байкоочу статусун берүү, “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040” документин кабыл алуу, Түрк инвестициялык фондун түзүү, Уюмда "Өнөктөш" статусун жаратуу, ошондой эле "Түрк мамлекеттеринин уюмунун Ардактуу Төрагасы жөнүндө жобону" кабыл алуу сыяктуу маанилүү чечимдер менен коштолду. Саммит мамлекет башчыларынын Түрк Кеңешинин Сегизинчи Саммитинин Стамбул декларациясына кол коюусу менен жыйынтыкталды. Саммиттин алкагында мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда Түрк Кеңешинин Катчылыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи да болуп өттү.