TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссия эксперттик топтун алгачкы жыйынын өткөрдү

Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссия эксперттик топтун алгачкы жыйынын өткөрдү

Дата
Көрүү
142
2023-жылдын 13-январында ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын алкагында онлайн форматта “Транс чек ара билим берүү жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун биринчи отуруму болуп өттү. Жыйынга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин эксперттери, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйынды Башкы катчынын орун басары Ноорузбек Арстанбеков мырза ачып, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын катчысы Кундуз Рустембекова айым алып барды. Документтин долбоору боюнча мүчө мамлекеттердин эксперттери өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтып, анда чагылдырылуучу бир катар сунуш-пикирлерди айтышып, февраль айында экинчи жыйынды өткөрүүнү макулдашышты.