Самаркандда Ислам дүйнөсүнүн 2025-жылдагы маданий борборунун ачылышы болуп өттү
Дата
Көрүү
174
2025–жылдын 26-27-май күндөрү ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегациясы "Ислам дүйнөсүнүн руханий мурасы жана маданий көркөм көрүнүштөрү: каллиграфия, музыка, поэзия жана тилектештик" эл аралык форумуна, ошондой эле "Самарканд-Ислам дүйнөсүнүн 2025-жылдагы маданий борбору"иш-чараларына катышты. Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлиги жана Ислам дүйнөсүнүн Билим берүү, илимий жана маданий уюму (ICESCO) тарабынан биргелешип уюштурулду.
Иш-чаралар Түрк цивилизациясынын байыркы борборлорунун бири болгон Самарканд шаарында өтүп, ага Ислам дүйнөсүнүн маданият министрлери жана министрлердин орун басарлары, элчилер, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, тиешелүү эл аралык жана Түрк кызматташтык уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле башка ардактуу коноктор катышты.
Форумдун ачылыш аземинде Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков, Самарканд облусунун акими Адиз Бобоев жана Ислам дүйнөсүнүн Билим берүү, илимий жана маданий уюмунун (ICESCO) Башкы катчысы доктор Салим Аль-Малик сөз сүйлөштү.
Андан соң доктор Салим Аль-Малик “Ислам дүйнөсүнүн 2025-жылдагы маданий борбору” наамынын символу болгон желек менен эстелик айкелди Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго жана Самарканд облусунун акими Адиз Бобоевге салтанаттуу түрдө тапшырды.
Иш-чара делегациялардын жетекчилеринин баяндамалары менен уланды. ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр да сөз сүйлөдү.
Башкы катчы өз сөзүндө Түрк элдеринин Ислам дүйнөсүнүн интеллектуалдык жана көркөм мурасына кошкон салымын, ошондой эле ТҮРКПА менен Өзбекстандын ортосундагы бекем мамилени баса белгилеп, Өзбекстан менен кызматташуу Ассамблеянын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин айтып өттү. Ал Өзбекстандын Парламенти жакынкы келечекте Ассамблеянын толук кандуу мүчөсү болот деген ишенимин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө делегациялар Самарканддын тарыхы, салты жана маданий мурасы менен тааныш болушту. Алар ошондой эле шаардагы башкы тарыхый жайларды – өз доорунда эң өнүккөн жана так деп эсептелинген Улугбек обсерваториясын, Гур-Эмир мавзолейин, Шах-и-Зинда комплекси, Бибиханым мечити комплекси, Регистан аянтын жана «Түбөлүк шаарды» зыярат кылышты.
Иш-чара Самарканддын жана жалпы Ислам дүйнөсүнүн көркөм рухун жана маданий мурасын чагылдырган театрлаштырылган концерттик программа менен аяктады.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын катчысынын милдетин аткаруучу Айгерим Таалайбекова жана Катчылыктын кызматкери Эмин Салманов коштоду.
Чыгыштын “Рим шаары” катары белгилүү болгон Самарканд кылымдар бою Түрк-Ислам цивилизациясынын эң маанилүү борборлорунун бири болуп келген. Шаар өзүнүн тарыхый жана маданий эстеликтери менен гана эмес, ар кандай доорлордо бир нече Түрк мамлекеттеринин борбору болуп кызмат кылганы менен да айырмаланат.