TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
"Түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги" аттуу симпозиум Баку шаарында өттү

"Түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги" аттуу симпозиум Баку шаарында өттү

Дата
Көрүү
133
2021-жылы 9-июнда Баку шаарында ТҮРКПА, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси жана Азербайжандагы Ататүрк борбору биргелешип уюштурган "Түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги" аттуу симпозиум өттү. Гибриддик форматта (физикалык жана онлайн катышуу) өткөрүлгөн симпозиум түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Карабах Экинчи согушунда Азербайжандын Улуу Жеңишине жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын 100 жылдыгына арналды. Иш-чарага мүчө өлкөлөрдүн депутаттары, түрк кызматташтык уюмдардын жетекчилери, элчилер жана мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү катышышты. ТҮРКПА учурдагы Төрайымы жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп симпозиумда видео кайрылууларын жасашты. Азербайжандагы Ататүрк борборунун директору, Милли Мажлисинин депутаты Низами Жафаров, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти Дархан Кыдырали, Түрк маданият жана мурас фондунун Президенти Гүнай Афандиева, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы жана ТУУЖ депутаты Исмет Учма сөз сүйлөштү. Ачылыш аземинен кийинки панелдик сессияларда катышуучулар акыркы 30 жылдагы түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетишкендиктер менен прогресстери жана ушул багыттагы парламенттердин ролу, Карабах Экинчи согушунда Азербайжандын Улуу Жеңишинин Түрк дүйнөсү үчүн маанилүүлүгүн, ошондой эле түрк кызматташтык уюмдардын алкагында келечек эмгектештиктин перспективалары боюнча пикир алмашышты.