"Trend" маалымат агенттигинин өкүлдөрү Катчылыкка келишти
Дата
Көрүү
127
2022-жылдын 21-февралында "Trend" маалымат агенттигинин Башкы директору Илгар Гусейнов мырза жана Чет өлкөлүк долбоорлор башкармалыгынын жетекчиси Руфиз Хафизоглу мырза ТҮРКПА Катчылыгына келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза менен жолугушту.
Гусейнов мырза "Trend" маалымат агенттигинин Кавказ жана Каспий региондору, ошондой эле Борбордук Азия жана Европадагы кеңири ишмердүүлүгү, анын ичинде Агенттиктин ишке ашырылып жаткан долбоорлору жөнүндө маалымат берди. Ал "Trend" маалымат агенттигинин жана Түркиянын "Albayrak" медиа тобунун демилгеси менен түзүлгөн Түрк мамлекеттеринин жаңылыктарын бириктирген "Түрк дүйнөсү" санариптик уникалдуу долбооруна өзгөчө көңүл бурду. 8 тилде иш алып барган платформага Түрк мамлекеттеринин расмий мамлекеттик медиа агенттиктери кошулганы маалымданды.
Башкы катчы коноктордун жасаган сапарына кубанычын билдирип, "Trend" маалымат агенттигинин Түрк тилдүү мамлекеттердин массалык маалымдоо каражаттарын жалпы медиа платформага тартуу боюнча демилгелерин кубаттады. Башкы катчы Түрк мамлекеттеринин медиа тармагындагы кызматташуусунун зор маанисин баса белгилеп, платформанын ийгиликтүү иштешине ишенимин билдирди.
Тараптар мындан аркы активдүү кызматташтык боюнча пикир алмашышты.