Моделдик мыйзамды иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топтун биринчи жыйыны онлайн форматта болуп өттү
Дата
Көрүү
114
2022-жылдын 8-апрелинде Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын алкагында “Социалдык ишкердикти өнүктүрүү жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин жана тиешелүү министрликтеринин эксперттери жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.
Жыйын Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов мырзанын ачылыш сөзү менен башталды. Өз сөзүндө Адуов мырза Түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграциялык процесстерге көмөктөшүүчү бирдиктүү укуктук мейкиндик катары ТҮРКПАнын аракеттерин баса белгиледи.
ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын Катчысы Бауыржан Даткаев мырза жетектеген жыйын Комиссиянын алкагында иштелип чыккан “Социалдык ишкердикти өнүктүрүү жөнүндө” моделдик мыйзам долбоорун талкуусуна арналды. Катышуучулар ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдөгү социалдык ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базанын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн перспективалары тууралуу пикир алмашышты.
Мындай жолугушууларды жана эксперттердин катышуусу менен үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген катышуучулар кезектеги экинчи жыйынды Комиссиянын семинарынын алкагында 2022-жылдын 21-апрелинде Азербайжандын Баку шаарында салттуу форматта өткөрүүнү макулдашышты.