TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Миссия Азербайжандын Тышкы иштер министри менен жолугушту

Миссия Азербайжандын Тышкы иштер министри менен жолугушту

Дата
Көрүү
177
2024-жылдын 6-февралында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Осман Местен жетектеген ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту. Министр Жейхун Байрамов Миссияга мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдыктар жана бул багытта Тышкы иштер министрлиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ал эгемендүүлүк калыбына келтирилгенден кийин өлкөнүн бүткүл аймагында биринчи жолу өткөрүлгөн шайлоо процессинин тарыхый маанисине токтолуп, бошотулган аймактарда 26 шайлоо участогу түзүлгөнүн белгиледи. Министр Жейхун Байрамов түрк мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө жана түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүдө ТҮРКПАнын жана парламенттик дипломатиянын чоң ролун белгиледи. ТҮРКПАнын байкоочулары Азербайжандын 44 күндүк Ата Мекендик согуштун жыйынтыгында жеңишке жеткенден кийин биринчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого байкоо жүргүзүүсүнө канааттангандыктарын жана шайлоонун натыйжалары өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүндө маанилүү рол ойнооруна ишенимин билдиришти.