ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова айым ТҮРКПАнын Башкы катчысы менен жолугушту

Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова айым ТҮРКПАнын Башкы катчысы менен жолугушту

Дата
Көрүү
1016

2026-жылдын 15-сентябрында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасан мырзаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПАнын түрк мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдөгү ролу, уюмдун түрк тилдүү өлкөлөрдү кызыктырган маселелерди талкуулоодогу маанилүүлүгү жана ага мүчө мамлекеттердин лидерлери тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун мааниси тууралуу пикир алмашуу болду.

Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова айым Азербайжандын ТҮРКПАга төрайымдыгынын алкагында жүргүзүлгөн иштер, ошондой эле анын эл аралык парламенттик уюмдар, анын ичинде Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагы менен мамилелерин кеңейтүү тууралуу өз көз караштары менен бөлүштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө Милли Межлис ТҮРКПА менен да, уюмга мүчө болгон боордош өлкөлөрдүн парламенттери менен да кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берери белгиленди.

Жолугушууда 2026-жылдын октябр айында Кыргызстандын Бишкек шаарында өтө турган Уюмдун пленардык отурумуна даярдыктар, иш-чарада талкуулана турган маселелер жана келечектеги пландар каралды.