Милли Мажлистин Төрайымы “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарын коргоо” аттуу конференциянын катышуучуларын кабыл алды
Дата
Көрүү
131
2022-жылдын 25-майында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Урматтуу Сахиба Гафарова айым Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси, ТҮРКПА жана Азербайжан Республикасынын Акыйкатчы институту биргелешип уюштурган “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарынын коргоо” аттуу конференциянын катышуучуларын кабыл алды. Жолугушууга түрк мамлекеттеринин парламентарийлери, акыйкатчылары жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы катышты.
Конокторду жылуу кабыл алган Парламенттин башчысы Милли Мажлистин Адам укуктары боюнча комитети менен биргеликте өткөрүлгөн конференциянын маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындай конференцияны уюштурууну түрк мамлекеттеринин адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого чоң маани берүүсү катары баалады.
Милли Мажлистин төрайымы түрк мамлекеттеринин мекемелеринин кызматташтыгы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеп кетти.
Катышуучулар жылуу меймандостугу жана иш-чараны уюштурганы үчүн Милли Мажлиске ыраазычылыктарын билдиришти. Тараптар адам укуктарын коргоо жаатындагы мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык, тажрыйба жана маалымат алмашуу контекстинде конференциянын маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле конференциянын катышуучуларынын Азербайжандын маданий борбору жана 2023-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Шуша шаарына 24-майда жасашкан сапарына байланыштуу пикирлери менен бөлүштү.