TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
МЕРКОСУР Парламентинин депутаты ТҮРКПА Катчылыгына баш бакты

МЕРКОСУР Парламентинин депутаты ТҮРКПА Катчылыгына баш бакты

Дата
Көрүү
175
2024-жылдын 20-ноябрында МЕРКОСУР (ПАРЛАСУР) Парламентинин мүчөсү Сесилия Николини ТҮРКПА Катчылыгына баш багып, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен жолугушту. Жолугушуунун негизги темасы эки парламенттик уюмдун ортосундагы кызматташтыктын пайдубалын түптөө болду. Николини айым ТҮРКПА менен тыгыз байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен аракеттер эки аймакка тең пайда алып келери шексиз деп белгиледи. Конокту жылуу кабыл алган Башкы катчы бул диалог эки аймактын ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бири-бирине өздөрүнүн уюмдары тууралуу маалымат берип, ТҮРКПА жана МЕРКОСУР өлкөлөрү үчүн парламенттер аралык кызматташуу механизмин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Эки тарап тең диалогду улантууга жана биргелешкен аракеттердин конкреттүү планын иштеп чыгууга макул болушту. ПАРЛАСУР (кыскасы "Parlamento del MERCOSUR" же "MERCOSUR" Парламенти) — Меркосур соода блогунун мыйзам чыгаруучу органы. Түштүк жалпы рынок (MERCOSUR, анын испанча баш тамгалары менен) – адегенде Аргентина, Бразилия, Парагвай жана Уругвай тарабынан түзүлүп, кийинчерээк Венесуэла жана Боливия кошулган аймактык интеграция процесси. Ал 2006-жылы саясий диалогдун жана блоктун ичиндеги аймактык интеграциянын платформасы катары түзүлгөн. МЕРКОСУР Парламенти өз элдеринин өкүлү болгон көз карандысыз жана автономдуу орган катары МЕРКОСУРдун институттук түзүмүнүн бир бөлүгү болуп саналат.