Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри ТҮРКПА Башкы катчысын кабыл алды
Дата
Көрүү
158
2025-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарына расмий сапарынын алкагында барган Башкы катчы Элчи Рамил Хасан баштаган ТҮРКПА делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мырза кабыл алды.
Министр Жээнбек Кулубаев мырза Башкы катчы Элчи Рамил Хасанды ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы Түрк кызматташтык институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бураарын, анын ичинде ТҮРКПА парламенттик дипломатиянын негизги аянтчасы катары маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи.
Өз кезегинде Башкы катчы ТҮРКПАнын делегациясына көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Ассамблеянын ишмердигин жана демилгелерин колдогондугу үчүн Кыргыз Республикасына терең ыраазычылык билдирди. Министрге ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Түрк мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча көз караштары менен бөлүштү.
Жолугушууда ошондой эле келечектеги иш-чаралар, анын ичинде 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган ТҮРКПАнын 15-пленардык отуруму боюнча талкуулар болду.
Эки тарап тең Ассамблеянын алкагында туруктуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты улантуу боюнча милдеттенмелерин ырасташты.
Башкы катчыны анын орун басары Сакы Садыков коштоп жүрдү.