TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы Катчыны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы Катчыны кабыл алды

Дата
Көрүү
124
2019-жылдын 8-февралында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Сооронбай Жээнбеков Алтынбек Мамаюсуповду ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, Башкы катчыга Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгын жана көп тараптуу мамилелердин мындан ары дагы жакшыруусуна жана жогорку деңгээлге чыгараарына ишенимин билдирди. Өз кезегинде ТҮРКПА Башкы катчысы Президентке Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык процессинде оң натыйжалар бар экендигин, парламенттик багыттарда иштер активдешкенин маалымдап, ТҮРКПАда экономикалык, эл аралык, социалдык-гуманитардык, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияларынын активдүү иш-аракеттери боюнча кабардар кылды.