Кыргыз Республикасынын Элчиси ТҮРКПАнын Катчылыгына келди
Дата
Көрүү
139
2021-жылдын 14-октябрында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов ТҮРКПАнын Катчылыгында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев менен жолугушту. Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Осмоналиев мырзаны Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Жолугушуу учурунда Башкы катчы Элчиге ТҮРКПАнын Түркстан шаарында болуп өткөн акыркы Пленардык жыйынында Парламенттик Ассамблеянын ишмердүүлүгү жана маанилүү укуктук документтердин кабыл алынышы тууралуу маалымат берди жана бул документтер ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттик топторду түзүү үчүн зарыл шарт экенин белгиледи.
Өз кезегинде, Элчи Кайрат Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигинин ишмердүүлүгү жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Тараптар ТҮРКПА Катчылыгы менен Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ортосундагы кызматташтыктын перспективалары боюнча пикир алмашышты.
Жолугушууга ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын Катчысы Кундуз Рустембекова жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Кеңешчиси Мухамед Лоу да катышты.