Кыргыз Парламентинин Төрагасы ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды
Дата
Көрүү
196
2026-жылдын 16-январында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасанды кабыл алды.
Башкы катчы Төраганы Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун ийгиликтүү аякташы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады.
Хасан мырза акыркы мезгилде ТҮРКПАнын жүргүзгөн негизги иш-чаралары, эл аралык парламенттик уюмдар менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөө, ошондой эле 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Бул контекстте ТҮРКПАнын эл аралык платформаларда таанылышын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан кадамдар маалымдалды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын ТҮРКПАга толук кандуу мүчө катары кошулуу процессиндеги олуттуу кадамдар, Мажарстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана Европа институттары менен мамилелерди чыңдоо талкууланды.
Тараптар жакынкы мезгилде ТҮРКПАнын алкагында пландалган иш-чаралардын маанилүүлүгүн, ошондой эле Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтө турган Парламенттер аралык Биримдиктин (ПАБ) 152-Ассамблеясынын алкагында мүчө мамлекеттердин парламенттеринин Төрагаларынын расмий эмес жолугушуусун белгилеп өтүштү. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында өтө турган ТҮРКПАнын 15-пленардык отурумуна даярдыктар ийгиликтүү улантылып жатканы белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн жогору баалап, кыргыз тарап уюмдун демилгелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү уланта берерин билдирди.
Башкы катчыны анын орун басары Сакы Садыков жана протокол башчысы Ядыгар Маммадов коштоп барышты.