TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Кыргыз Парламентинде тажрыйба алмашуу программасы уюштурулду

Кыргыз Парламентинде тажрыйба алмашуу программасы уюштурулду

Дата
Көрүү
121
2019-жылдын 14-18-октябрь күндөрү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламенти) менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) биргеликте уюштурган үчүнчү тажрыйба алмашуу программасы Жогорку Кеңештин «Айлана чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстар комитетинин иштөө негиздери» деген тамада болуп өттү. Аталган программанын жүрүшүндө мүчө-өлкөлөрдүн Парламент аппаратынын тийешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Жогорку Кеңештин тийиштүү бөлүмүнүн иш-тажрыйбасы менен таанышып чыгышты. Иш-чарага Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттери ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктердин кызматкерлери катышып, атайы баяндамалар жасалды. Ошону менен бирге программа катышуучулары Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынын жүрүшүнө күбө болушту. Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Саматбек Ибраев эл өкүлү Бактыбек Турусбеков менен бирге тажрыйба алмашуу программасынын ийгиликтүү аякташы менен катышуучуларды куттуктап, атайы сертификаттарды тапшырды. Аталган программа иш-чаралар планына ылайык уюштурулуп келет.