Комиссиялардын жыйындарына даярдыктар Анкарадагы жолугушуулар менен уланууда
Дата
Көрүү
136
2022-жылдын 27-28-апрелинде Комиссиялардын катчылары Кундуз Рустембекова менен Энес Йылдырым Экономикалык кызматташтык жана Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиялардын алдыдагы 9-жыйындарына даярдыктар көрүү алкагында Анкарада жолугушууларды өткөрүштү.
Катчылыктын өкүлдөрү Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү – Экономикалык Кызматташтык боюнча Комиссиянын мүчөсү Яшар Карадаг мырза жана Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын мүчөсү Юксел Өзкан мырза менен жолугушту. Парламентарийлерге Казакстанда жана Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалган Комиссиялардын 9-жыйындарына даярдыктар жана документтердин долбоорлору жөнүндө тиешелүү маалымат берилди.
Түркия Республикасынын Соода министрлигинин Соода изилдөөлөрү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Бурак Балкан мырза жана башкармалыктын тышкы соода боюнча эксперти Мурат Ярат мырза менен жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркияда чакан жана орто бизнестин (ЧОБ) ишмердигин колдоо жана илгерилетүү маселелерин жана пандемия жана постпандемия мезгилдеринде чакан жана орто бизнести колдоо боюнча министрлик тарабынан аткарылып жаткан чараларды талкуулашты.
Комиссиялардын катчылары Түркиянын Ишке орноштуруу агенттигинин (İŞKUR) башкармалыгынын Эл аралык байланыштар жана долбоорлор бөлүмүнүн ишке орноштуруу боюнча адиси Эсер Эрол мырза менен жолугушту. Тараптар калктын жумуштуулугу, анын ичинде кичи жана орто ишкердик менен алектенүүсү боюнча пикир алмашышты.
Түркиянын Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү уюмунун (KOSGEB) башкармалыгынын жетекчилери жана эксперттери менен жолугушуулардын жүрүшүндө Катчылыктын делегациясы чакан жана орто ишкердиктин мындан аркы өнүгүүсүн камсыздоого жана пандемия учурунда жана карантинден кийин калыбына келтирүү мезгилинде кичи жана орто ишкердикти колдоого багытталган чаралар жана долбоорлор жөнүндө кеңири маалымат алышты. КОСГЕБдин Технология, инновация жана жергиликтүү өндүрүш бөлүмүнүн мүдүрү Селим Бактыр мырза ишке ашырылып жаткан чаралар жана чакан жана орто ишкердиктеги жеткирүүчүлөрдү өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат берди. КОСГЕБдин Изилдөө, өнүктүрүү жана инновацияларды колдоо башкармалыгынын Технология, инновация жана жергиликтүү өндүрүш бөлүмүнүн мүдүрү Мехмет Фатих Айдын мырза Түркиядагы чакан жана орто ишкердикти колдоо жаатындагы изилдөөлөр жана инновациялар боюнча делегацияга кеңири маалымат берди.