TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Казакстандын парламенттик делегациясы азербайжандык кесиптештери менен жолугушту

Казакстандын парламенттик делегациясы азербайжандык кесиптештери менен жолугушту

Дата
Көрүү
141
2022-жылдын 22-апрелинде Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында Казакстандан келген парламентарийлер, ТҮРКПАнын Аял парламентарийлер тобунун жетекчиси Лаззат Рамазанова айым (Мажилис) жана Комиссиянын мүчөсү Динар Нукетаева айым (Сенат) азербайжандык кесиптештери, Аял парламентарийлер тобунун мүчөлөрү Малахат Ибрахимгызы айым жана Садагат Валиева айым менен жолугушту. Азербайжан парламентарийлери меймандарды жылуу тосуп алышты. Тараптар Аял парламентарийлер тобунун мындан аркы өнүгүүсүн жана келечектеги ишмердүүлүгүн талкуулашты. Алар Стамбул конвенциясы катары да белгилүү болгон Европа Кеңешинин Аялдарга карата зомбулукту жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча конвенциясы, ошондой эле ишкер аялдарды колдоо боюнча эл аралык документтердин маанилүүлүгү тууралуу пикир алмашышты. Топтун жетекчиси Рамазанова айым катышуучуларга 2022-жылдын 2-июнунда Казакстандын Нур-Султан шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү “ECOJER” Эл аралык конгресстин алкагында өткөрүлө турган Топтун алдыдагы биринчи жыйынына даярдыктар тууралуу маалымат берди.