Казакстанда Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын семинары болуп өттү
Дата
Көрүү
128
2022-жылдын 19-майында Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинде ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын алкагында “Пандемиядан кийинки мезгилде экономикалык өсүштү турукташтыруудагы чакан жана орто бизнестин инновациялык ишмердүүлүгү” аттуу семинар болуп өттү.
Семинарга мүчө мамлекеттердин парламентарийлери жана эксперттери, ошондой эле Казакстандын министрликтеринин жана башка тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Ачылыш аземинде Комиссиянын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Амерхан Рахимжанов мырза жана Комиссиянын мүчөлөрү – Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү Агалар Валиев мырза, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Дастанбек Джумабеков мырза, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Шенел Йедийылдыз мырза менен Яшар Карадаг мырза сөз сүйлөштү.
Панелдик сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар экономиканы өнүктүрүүдөгү заманбап методдорду жана инфраструктураны колдонуу менен жаңы ыкмаларды киргизүүгө жана пандемиянын экономикага тийгизген терс таасирин жоюуга күч-аракеттерди багыттоо зарылдыгын белгилешти. Катышуучулар соода жана кызмат көрсөтүү агымы үчүн мүчө мамлекеттердин ортосундагы санариптик транспорттук логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө басым жасашып, мүчө мамлекеттердин экономикалык турукташтыруу жана өсүш маселелерин талкуулашты. Экономиканы көмүскөдөн чыгаруу зарылдыгын белгилеген катышуучулар өз өлкөлөрүндө чакан жана орто бизнести колдоонун жана өнүктүрүүнүн эксклюзивдүү жолдору боюнча пикир алмашышты.
Семинардын алкагында Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министри Алибек Куантыров мырза, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция Вице-министри Кайрат Төрөбаев мырза, Казакстан Республикасынын «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын аппарат жетекчиси Бауыржан Оразгалиев мырза менен жолугушуулар орун алды.
Иш-чарага Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов мырза жана Комиссиянын катчысы Кундуз Рустембекова айым катышышты.