Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы ТҮРКПАнын Баш катчысын кабыл алды
Дата
Көрүү
117
Казакстан Мажилис Парламентинин Төрагасы Нурлан Нигматулин мырза Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Баш катчысы Алтынбек Мамаюсупов менен жолугушту.
Тараптар COVID-19 пандемиясына байланыштуу жана 2021-жылга жылдырылган Казакстанда өтө турган Онунчу пленардык жыйынына даярдык көрүү маселелер жөнүндө талкуулашты. Баш катчы Мажилистин Төрагасына ТҮРКПАнын Катчылыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө, атап айтканда, пандемия учурунда мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо маселелери боюнча өз ара аракети жөнүндө маалымдады.
Ошондой эле, жолугушуунун тараптары ТҮРКПАнын карамагында парламенттер аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу ой-пикирлери менен алмашышты.