Казакстан Парламентинин Сенатынын Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды
Дата
Көрүү
159
2025-жылдын 17-октябрында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Казакстан Республикасына расмий визитинин алкагында келген Башкы катчы Элчи Рамил Хасанды кабыл алды. Сенаттын Төрагасы Башкы катчыны ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп кайрадан дайындалышы жана кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, жаңы кызматтык мөөнөтүндөгү ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Хасан мырза ТҮРКПА делегациясына көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу үчүн Ашимбаев мырзага ыраазычылык билдирип, Казакстан Сенатынын Түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоого жана тыгыз кызматташтыкка болгон чоң кызыгуусуна терең ыраазылыгын билдирди.
Башкы катчы ушул жылдын июнь айында Астана шаарында өткөн ТҮРКПАнын Пленардык отурумунун ийгиликтүү өткөрүлүшүн жогору баалап, анын алкагында бир катар моделдик мыйзамдар кабыл алынганын жана ТҮРКПАнын 14-Пленардык отурумунун Астана Декларациясынын бекитилгенин белгилеп өттү.
ТҮРКПА Түрк мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы жаңы динамикалуу жана конструктивдүү кызматташтыктын баскычына өтүп жаткандыгына ишенимин билдирген Ашимбаев мырза ТҮРКПА Түрк кызматташтыгынын тутумунда өзгөчө орунга ээ экенин жана мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы парламенттер аралык диалогду чыңдоого, мыйзам чыгаруу демилгелерин координациялоого кызмат кылган маанилүү аянтча болуп саналаарын баса белгиледи. Ошондой эле ТҮРКПА тарабынан мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди Түрк дүйнөсүндөгү тереңирээк кызматташууга жетүү жолундагы маанилүү кадам катары белгиледи.
Тараптар ошондой эле Габалда өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммитинин жыйынтыктарын жана ТМУна мүчө мамлекеттердин экономиканын негизги секторлорундагы кызматташууну тереңдетүүгө, эл аралык маселелер боюнча өз ара колдоону, аймактык коопсуздукту бекемдөөгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган Габала Декларациясынын негизги пункттарын талкуулашты.
Сенаттын Төрагасы Казакстан ТҮРКПАга учурдагы төрагалык кылуучу өлкө катары, Түрк мамлекеттеринин жана элдеринин жалпы кызыкчылыктарына жана гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган уюмдун демилгелерине колдоо көрсөтүүгө толук даяр экенин белгиледи.