TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Катчылыкта Азербайжан-Кыргызстан кызматташтыгына арналган тегерек стол болуп өттү

Катчылыкта Азербайжан-Кыргызстан кызматташтыгына арналган тегерек стол болуп өттү

Дата
Көрүү
119
2021-жылдын 3-июлунда ТҮРКПА Катчылыгында өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Азербайжан жана Кыргыз Республикасы: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго эки өлкөнүн парламентарийлери, академиялык жамааттардын өкүлдөрү жана Катчылыктын кызматкерлери катышты. Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов мырза, Азербайжан-Кыргызстан парламенттер аралык достук тобунун башчысы Муса Гулиев мырза жана топтун мүчөлөрү Низами Жафаров мырза жана Садагат Валиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысынын орун басары Каныбек Иманалиев мырза тегерек столдун жүрүшүндө сөз сүйлөштү. Башкы катчы мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу Ассамблеянын ролуна токтолуп, анын бул багыттагы ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берди. Катышуучулар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгында жалпы тарыхыбыздын жана маданияттын маанилүү ролго ээ болгонун баса белгилешти. Акыркы 30 жыл аралыгында өлкөлөрдүн жетишкендиктерин белгилеп, катышуучулар боордош эки өлкөнүн кызматташтыгынын абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашты.