Катчылыкка сылык сапары менен келген Түркиянын Бакудагы Элчилигинин Билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси ТҮРКПАнын Башкы катчысы менен жолугушту
Дата
Көрүү
129
2022-жылдын 9-февралында Түркия Республикасынын Баку шаарындагы Элчилигинин Билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси Нихат Бүйүкбаш мырза ТҮРКПАнын Катчылыгына келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза менен жолугушту.
Кеңешчи ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө жакындан көз салып турганын айтып, Башкы катчыга Баку Билим берүү кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.
Тараптар ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы билим берүү тармагы боюнча кызматташтыктын азыркы абалы жана мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашышты.