TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Измирде ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган конференция болуп өттү

Измирде ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган конференция болуп өттү

Дата
Көрүү
120
2018-жылдын 20-ноябрында Измир шаарында ТҮРКПАнын сегизинчи пленардык жыйынынын алкагында “ТҮРКПА: алгачкы он жыл жана парламенттер аралык кызматташуунун келечеги кызматташууга жаңы кадамдар” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Бул ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган иш-чарага мүчө-өлкөлөрдүн парламент башчылары, Венгрия Улуттук Жыйынынын спикери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар менен академиктер катышты. ТҮРКПАнын 10 жылдык ишмердүүлүгүнө арналган видео тасмадан кийин жыйындын ачылышында Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Биналы Йылдырым жана ошондой эле Венгриянын Улуттук Жыйынынын спикери Ласло Көвер сөз сүйлөштү. Иш-чаранын ачылыш салтанатынан соң Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы, ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Биналы Йылдырым Дастанбек Жумабековду сиңирген эмгеги үчүн ТҮРКПАнын медалы менен сыйлады. ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган конференциянын иши 3 сессия менен уланды.