ЭПК Башкы катчысы ТҮРКПА Катчылыгына баш бакты
Дата
Көрүү
146
2024-жылдын 3-сентябрында Эл аралык парламентарийлер конгрессинин Башкы катчысы Ситара Аяз баштаган делегация ТҮРКПА Катчылыгына баш багып, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен жолугушту.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр конокторду Катчылыкта тосуп алуудан кубанычта экендигин билдирип, Ассамблеянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Тараптар Азербайжанда 2024-жылдын 1-сентябрында өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жана эки уюмдун миссияларынын шайлоого байкоо жүргүзүү процессине катышуусу боюнча пикир алмышышты. Башкы катчылар эки уюмдун ортосундагы кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарына байланыштуу маселелерди талкулашты.